Кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган тажик жарандары кое берилди

Кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган Тажикстандын Ворух айылдык кеңешинин тургундары Боисжон Бобохасанов менен Дилшод Каримов айып пул төлөгөндөн кийин кое берилди. Алар үч жумадан ашык Баткендеги убактылуу кармоочу жайда кармалып турушкан.

«Азаттыктын» тажик кызматы кабарлагандай, бул иш боюнча Баткен шаардык сотунун отуруму 5-ноябрда өтүп, Бобохасанов менен Каримовго чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн ар бирине 37 миң сомони (3 700 доллардан ашык) өлчөмүндө айып пул салынды.

Ворух айылдык кеңешинин тургундарын чек арачылар 14-октябрда кармашкан. Алардын жанында мергенчилик куралдары болгон.

1-ноябрда болсо Тажикстандын аймагында кармалган кыргызстандык Асылбек Каримов мекенине кайтарылган. 31-октябрда Кыргызстан менен Тажикистандын тийиштүү органдарынын, Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон сүйлөшүүдө кыргыз жаранын мекенине кайтарып берүү маселеси да көтөрүлгөн. Жыйынтыгында Каримов Тажикстандын чек ара мыйзамын бузгандыгы үчүн салынган айыптан куткарылып, кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*