Кыргызстанда диний окуу жайлар бирдиктүү электрондук системага өтөт

Эми диний окуу жайлар бирдиктүү электрондук системага өтөт. Бул  «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата аткарылып жатат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдун айтымында, бул диний окуу жайлардагы билим берүү системасын жакшыртат. Мындан сырткары, окуутуу өзгөчө бирдиктүү программанын алкагында жүрөт.

«4 жылдан бери Муфтият бардык тармакты электрондоштуруунун үстүндө иш алып барып келет. Учурда ажылыкты уюштуруу иши толугу менен электрондоштурулду. Азыр КМДБнын билим берүү тармагын бирдиктүү электрондук системага өткөрүүнүн босогосунда турабыз. Буга ар бир диний окуу жай жардам берүүсү керек», — деди муфтий.

Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 102 медресе жана 9 диний жогорку окуу жай бар.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*