Оштогу ооруканаларга бюджеттен 200 миллион сом каражат бөлүнбөй жатат

Каржы министрлигинен Ош шаарындагы жана облусундагы ооруканаларга быйыл январ айынан бери 222 миллион сом каражат бөлүнбөй, кечиктирилип жатат. 

Бул тууралуу Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы Алтынбек Зулпукаров TMG телеканалынын «Адил-Сөз» программасында билдирди.

Анын айтымында, акча которулбаганын министрлик бюджет тартыштыгы жана республикалык бюджетке салык түшпөй жатканы менен түшүндүрүшүүдө. Мунун кесепетинен кээ бир ооруканалар менен иштешкен компанияларга убагында акчасы берилбей жатат.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*