Тажик-өзбек чек арасындагы ок атышуудан 17 адам каза болду

Бет кап кийген, 20 адамдан турган куралчан топ тажик-өзбек чек арасына чабуул жасады. Бул тууралуу CA-NEWS порталы жазды.

Окуя,  6-ноябрь түнкү саат 3:23 чамаларында болгон. Анда  куралчан топ чек-арадагы №4 «Ишкобод» аскердик бөлүмүнө чабуул жасаган. Чабуул Тажикстандын Рудаки районунда, Дүйшөмбү шаарынан 60 км алыстыкта, Өзбекстан чек арасына жакын аймакта орун алган. Күч кызматкерлери тарабынан куралчан топтун 15и өлтүрүлүп, бешөөсү кармалды.

Ок атышуу учурунда 1 чек-ара аскери жана 1 ИИМ кызматкери каза болгон. Жалпы каза болгондордун саны 17.

Тажикстандын Ички иштер министри билдиргендей, кылмыш тобунун 4 унаасы жок кылынган.

Учурда окуя болгон жерде оперативдүү-изилдөө тобу түзүлүп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*