«Жарандык көзөмөл комитети»: Адамды жүзүнөн тааный турган камераларга мораторий жарыялоо керек

Кыргызстандагы “Жарандык көзөмөл комитети” кыймылы адамды жүзүнөн тааный турган камераларды орнотууга каршы чыкты.

Курамына белгилүү укук коргоочулар жана жарандык активисттер кирген кыймыл тараткан билдирүүдө мындай видеокөзөмөл системасы адамдын укугуна жана жашоосуна “кооптуу кийлигишүү” деп аталды.

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, бул ыкманын ачыктыгы жана жарандар үчүн коопсуздугу камсыздалмайынча адамды бетинен тааный турган системага мораторий жарыялоо керек:

Азыр соттор коррупцияга малынганы, милициянын мурдагы кызматкерлери киши өлтүрүүгө барып, кылмышкерлер менен байланышта экени айтылып жатат. Ошолор алты миллион кыргызстандыктын ар бири тууралуу маалыматка ээ болсо аларды кандай максатта колдонорун ким билет?

Бишкекте 31-октябрда «Командалык борбор» иштей баштады. Анын алкагында шаарга адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулганы айтылды. Борбордун максаты — кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыз кылуу.

Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*