«Антошка» кафесиндеги жарылуудан бир киши мерт болду

Бишкекте өрт чыккан «Антошка» кафесиндеги жарылуудан бир киши мерт болду. 13 адам жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, жабыркагандардын баары ооруканага жеткирилди. Алардын ичинен үч жаш бала дарыгердин кароосунан кийин үйлөрүнө жиберилген. Калган тогуз адам №4 травматологиялык ооруканага жеткирилген.

Бүгүн, 8-ноябрь күнү болжол менен саат 13:45 чамасында Бишкектин Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Антошка» кафесинде жарылуу болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча газ баллон жарылган. Учурда жарылуунун себептери такталууда.

 

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*