Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын жолдоштук беттеши өтөт

Бүгүн 9-ноябрда футбол боюнча Кыргызстан менен  Өзбекстандын улуттук курама командалары достук беттешин өткөрөт.  Бул 2022 дүйнө чемпионаты менен 2023 Азия Кубогу мелдештерине тандоо турунун алкагында болот. Бул тууралуу  футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оюн Ташкенттеги “Пахтакор” стадионунда Бишкек сааты боюнча 18:00дө башталат. Мелдешти Өзбекстандын «Спорт» телеканалы түз эфир аркылуу чагылдырат.

Андан соң Улуттук курама команда 14-ноябрда Япония, 19-ноябрда Тажикстан менен мелдешет. Эки оюн тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Эске сала кетсек, улуттук курама 10-октябрда Бишкекте Мьянма командасын 7:0 эсебинде уткан. 15-октябрда Монголия менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Ал эми биринчи беттешин Тажикстан менен конокто ойноп, 1:0 эсебинде жеңилип калган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*