Ошто «JashtarCamp 2019» иш-чарасы өтүп жатат

Бүгүн 10-ноябрда  Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда «JashtarCamp 2019» иш-чарасы өтүп жатат. Быйылкы жаштар жолугушуусу «21 кылымдын кесиптери, өзүңдү санариптен тап» темасына арналган.

Иш-чара  «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан, түрдүү чөйрөдө ийгиликке жеткен  белгилүү инсандар менен жаштардын баарлашуусуна көмөктөшү, шарт түзүп берүү максатында уюштурулган.

Быйылкы жолугушууда жалпы төрт багыт боюнча спикерлер чакырылган. Алар IT технология, инновация, коомго кызмат кылуу, туризм жана спорт, ишкердик тармактары.  Жаштар ушул багытта ийгиликке жеткен инсандар менен баарлашып, өздөрүнү кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.

«JashtarCamp 2019» иш-чарасы быйылкы жылы онунчу ирет өтүп жатат. Буга чейин Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Кызыл-Кыя шаарында өткөн.

Автор Т-медиа 11675 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*