Төкмө акын Акжолтой Канат уулу жол кырсыгынан каза тапты

Балыкчы-Кочкор унаа жолундагы катталган  кырсык төрт кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу каза болгондордун жакындары билдиришүүдө.

Маалыматка караганда, көз жумгандардын арасында төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу жана келинчеги бар болгон.

Кырсык тайгак жолдо унаанын тормозу иштебей калгандан улам болуп, жолдун четине чыгып кеткен.Унаанын ичинде Кубатбек аттуу ырчы, Акжолтой Канат уулу, анын келинчеги жана дагы бир өздүгү тактала элек киши болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымат такталып жатканын билдирди.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*