
Москвадагы бейтапканалардын биринде бычактан каза болгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу «Москва» шаардык жаңылыктар агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме берип жазды.
Маалыматка караганда, бейтапканага келген тартип сакчылары кыргызстандык 24 жаштагы жарандын сөөгүн табышкан.
Алдын ала маалыматка ылайык, 24 жаштагы жаранды кара куртка жана кара топу кийген азиат улутундагы 2 жаран бычакташкан. Учурда аталган факт боюнча териштирүү жүрүүдө.
Оставьте первый комментарий