Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды окутуу курсу ачылды

Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш менен камсыздоо максатында, кесипке үйрөтүү үчүн кыска мөөнөттүү курстар ачылды. Окутуу Ош технологиляык университетинде, маалымат технологиялары боюнча жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курстар бүгүн 11-ноябрь күнү ачылды. Бул эл аралык уюмадардын колдоосунда жергиликтүү бийлик менен биргеликте ишке ашырылган.

Долбоор алкагында эми мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тоскоолдуксуз ОшТУга барып, маалымат технологиялары боюнча билим алышып, андан ары жумушка орношууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*