Кыргызстандын Стамбулдагы консулу кызматынан бошотулду

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Буга чейин  кытайлык ишкер Айеркен Саймаити Туркияда  өлтүрүлүп, окуя болгон аймакта видеого түшүп калган унаа консул Эркин Сопоковго тиешелүү болушу мүмкүндүгү айтылган.

Көп өтпөй Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бул маалымат такталып жатканын билдирген.

Ал эми Туркияда өлтүрүлгөн, Саймаитинин аты  «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деген иликтөөсүнөн кийин коомчулукка белгилүү болгон. Иликтөөдө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу Кыргызстандан чыгарылып келгени анын Матраимовдор менен байланышы бар болушу мүмкүндүгү айтылган.

Эркин Сопоков 2017-жылдан бери Стамбулдагы консулдукту жетектейт. Ал эмгек жолун Алмазбек Атамбаевге тиешелүү «Кыргызавтомаш» заводунда айдоочулуктан баштап, Салык тармагында эмгектенген.

 

 

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*