
13-ноябрда республикада жаан-чачын болбойт. Айрым аймактарда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Кыргыз гидрометеорология агенттигинин маалыматы боюнча, абанын температурасы Чүйдө +6…+11, Талас аймагында +7…+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10…+15, ал эми Ысык-Көл жергесинде +4…+9 жана Нарында +3…+8 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болушу күтүлөт. Ал эми борбордо +8…+10, Ошто +13…+15 градусту түзөт.
Оставьте первый комментарий