Балаңыздын бактысыз экенин көрсөткөн белгилер

Эне жүрөгү баланын ар бир кыймылынан анын абалын сезип турат. Антсе да, көр оокат, турмуш тиричиликтин агымында, кээде байкабай калган учурлар болбой койбойт.

Жаш балдар кубанганын кыймыл-аракети, мамилеси менен билдирет. Алардын энергиясы толуп ташып тургандыктан, кээде токтотуу мүмкүн эмес. Кичинекейлер сүйүнүчү менен катар капалыгын, маанайы чөккөнүн, бактысыз экенин да ар кандай белгилер менен көрсөтөт.

Төмөндөгү белгилерге байкоо салуу менен балаңыздын жан дүйнөсүндө кандай сезимдер болуп жатканын билсеңиз болот.

Балаңызда буга чейин байкалбаган жаңы адаттар пайда болуусу (кокустан эле эч ким менен сүйлөшпөй, өзү менен өзү болуп, ачуулуу ж.б болуп калуусу)

Эч себепсиз эле эмоциясынын, маанайынын өзгөрө берүүсү.  

Өзүн сыркоолуу, ыкшоо сезүүсү.

Эң жакшы көргөн тамагын жебей, тамакка табити жок болуп калуусу.

Түнү жаман түштөрдү көрүп, чочуп, кыйналып уктоосу.

Бала-бакчага, мектепке баргысы келбей калуусу.

Оюн ойноп жатып жулуп, сындырып, тытып, уруп-согуп зомбулукка ыктоосу.

Жаш балдардын да өздөрүнө жараша кыйын күндөрү болот. Андай күндөрү маанайы жок болуп, капа тартып жүрүшү мүмкүн. Бирок бул аларды бактысыз дегендик эмес.

 Ата-эне бала менен сүйлөшүп, баланы толук укканга аракет кылуусу керек. Бул алардын өздөрүн түшүндүрүүсүнө, камкордукта экенин сезүүсүнө түрткү болот да, көйгөйүн чечүүсүнө жол ачат.

Ата-эне балдары бактылуу болуусу үчүн аларга сүйүү, колдоо, түшүнүү менен мамиле кылып, коопсуздукту камсыз кылып берүүсү зарыл. Сындап азарлабастан өз сезимдерин эркин билдиргенди үйрөтүүсү керек. Мүмкүн болушунча чогуу убакыт өткөргөнгө аракет кылуу керек: чогуу оюн ойноо, чогуу тамактануу, ал-абалды суроо, чогуу сейилдөө, жумасына бир күн үй-бүлөлүк күн деп белгилеп чогуу убакыт өткөрүү кажет.

А, эгер жогорудагы белгилер көп убакыттан бери байкалып жүргөн болсо, анда адистин кеңешине кайрылган туура болот.

 

Которгон: Акбермет Мамадаминова

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*