
Баткен облусунда жарандын унаасынан 15 килограммдан ашуун баңгизат табылды. Бул тууралуу Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматтынан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү унаасына 15 килограмм 720 грамм гашиш катып жүргөн.
Алдан ала маалымат боюнча, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы афган гашишинин ири партиясын Тажикстандан Кыргызстанга ташып келген каналды аныктоо үчүн атайын операция уюштурган учурда аныкталган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Оставьте первый комментарий