Кыргызстан — Япония беттеши. Билеттер толук сатылып бүттү

Кыргызстан жана Япониянын курама командаларынын футболдук беттешине билеттер толук сатылып бүттү. Бул тууралуу Футбол федерациясы маалымдады.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Ал  18 миң орунга ылайыктуу. Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы беттеш 14-ноябрда саат 17.15те башталат. Ушул эле стадиондо Кыргызстандын командасы 19-ноябрда Тажикстан менен мелдешет.

Эске сала кетсек, улуттук курама 10-октябрда Бишкекте Мьянма командасын 7:0 эсебинде уткан. 15-октябрда Монголия менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Ал эми биринчи беттешин Тажикстан менен конокто ойноп, 1:0,  9-ноябрда Өзбекстан  менен 3:1 эсебинде жеңилип калган.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*