Сарыбашов: Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, көрктөндүрүлөт

Ак-Буура дарыясынын жээги толук  көрктөндүрүлөт. Учурда Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгыны тарабынан аталган дарыянын жээгин көрктөндүрүү, жашылдандыруу эскизи даярдалып бүттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүп, жашылдандыруу боюнча эскиздин долбоору менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кечээ 12-ноябрда таанышып, 2020-жылдын башынан баштап дарыянын жээктери бошотулушу керектигин эскертти.

Долбоордо дарыянын жээгин бекемдөө, жөө адамдар басуучу жол, веложол, жарыктандыруу, дарыянын жээгине түшүүчү тепкичтер каралат.

«Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен белгилүү. Дарыянын жээктерин оңдоп, эс алууга шарт түзөбүз. Ак-Бууранын жээгин жалпы эл пайдаланыш керек. Дарыя шаардын көркү. Долбоордо каралган дарыянын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар, тосулуп алынган жерлер бошотулат. 2020-жыл ичинде курулуш иштери жүрөт», — дейт шаар мэри.

Эске салсак буга чейин, Ош шаардык экотехинспекциянын бөлүм башчысы Асанбек Мамыраимов «Клоопко» Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жер тилкелери мыйзамсыз берилип кеткенин билдирген эле.

Ал дарыя коргоо аймагына киргендиктен жээктен 50 метрге чейинки аралыкта курулуш жүргүзүүгө тыюу салынаарын, азыр 391 объекти мыйзамсыз курулуп кеткендиги аныкталганын кошумчалап,  экотехинспекция 10дой объекттин ээсин сотко бергенин, калган курулуштардын ээлерин сотко берүү үчүн тийиштүү документтер даярдалып жатканын айткан.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*