Футбол: Кыргызстан Японияга 0:2 эсебинде утулду

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан менен Япониянын футболдук беттеши 2:0 эсебинде, япониялыктардын жеңиши менен жыйынтыкталды. 

Оюндун биринчи бөлүгүнүн 41-мүнөтүндө япониялык Такуми Минамино пенальтиден топ тээп, гол киргизди.

Кийинки бөлүктөрдө да ийгилик япониялыктар тарапта болду.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы сентябрда башталган. Кыргызстан буга чейин Тажикстан, Япония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 , Өзбекстанды 3:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1ге уткан.

Бул тайпада Жапониянын курама командасы тогуз упай менен жадыбалдын сап башында баратат. Эсебинде алты упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунда. Үч упайга ээ болгон Монголия төртүнчү, үч оюнда бир да жолу жеңиш буюрбаган Мьянма бешинчи орунда турат.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*