Өзгөндө жарандарды коркутуп, тоноого шектүү топ кармалды

Өзгөн райондук милициясы 8-октябрда аталган райондун аймагында каракчылык кылып, жарандарды коркутуп баалуу буюмдарын жана акча талап кылып жүргөн кылмыштуу топту колго түшүрүштү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, шектүү топтогу 4 адам, 3-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында 1988-жылы туулган К.Ч ны Кош-Этер айылына алып барып көптөп уруп бычак менен коркутуп, уюлдук телефонун тартып алышкан. Мындан сырткары, 100 000 (жүз миң) сом акча жана бир баш жылкы берүүгө милдеттендирген.

Мындан тышкары 1-августта Жазы айылынын дагы бир тургуну арыз менен кайрылып, Дөң-булак айылында жайгашкан Сыра заводунун алдында, өзүнө бей таныш азиат улутундагы бир атуул базар баасы 23 800 сомдук “Самсунг Галакси 6 А” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана кашелогун  ичинде 2000 сом акчасы менен ачык түрдө тоноп алып койгонун айткан.

Учурда бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестирине Кылмыш жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык), 201-беренеси (тоноо) менен катталган. Сотко чейинки өндүрүшкө алынып, сотко жөнөтүлгөн. Кармалгандар учурда 2 айга камакка алынып, соттук иши уланууда.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*