929 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана  чыгаруу жөнүндөгү беш  жарлыкка кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. 

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 976 адам кабыл алынат, анын ичинен 821и  чоң адамдар болсо, 155и жаш балдар.  Алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экени айтылат.

Дагы бир жарлыкка ылайык, 929 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды. Анын ичинен 722 чоң адамдар, 207син жаш балдар түзөт.

Кыргызстандын жарандыгын алуу жана чыгуу боюнча жалпы 1905 адам кайрылышкан. Анын 362си жаш балдар.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*