Бизнести автоматташтыруу идеялар сынагында TMG биринчиликти алды

15-ноябрь Ош шаарында бизнестеги IT-технологиялар чөйрөсүндө Хакатон өттү. Анда TMG командасы соода сатык чөйрөсүндө иштегендерге жеңилдетүүчү мобилдик тиркеме ойлоп таап, жеңишке ээ болду.

Хакатон – программисттер марафону. Өз долбоорун нөлдөн баштап иш үстүндөгү прототипке чейин жеткирүү жана аны калыстардын сынына коюууга катышуучуларга болгону бир күн гана убакыт берилип, жеңүүчүлөр  байгелерге ээ болушат.

Бул жолкусунда жалпысынан 8 команда бизнести жеңилдетүү ойлорун ортого салып санариптик тиркемелерди сунушташты.

Иш чарага БУУнун өнүктүрүү программасы колдоо көрсөтүп, Sun House team компаниясы тарабынан ишке ашты.

3 — орунга клавиатура белек, 2 — орунга power bank, 1-орунга смартфондор берилди.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*