Футбол күйөрмандары стадионду тазалап кетишти

Борбор калаабыз Бишкекте 14-ноябрда 2022-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун тайпалык этаптарынын алкагында Кыргызстан менен Япония беттеши өттү.

Бул мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, 18 миң киши бата турган стадиондо футбол күйөрмандары келип, дээрлик отурганга жер жок калган.

Таң калычтуу жагдай, беттештен кийин күйөрмандар стадионду тазалап кетишти. “Тазалык” ишканасынын жумушчулары ишке чыгып стадиондун таза экенин көрүп, таң калгандарын жашырышкан жок.

Тазалык ишканасынын басма-сөз катчысы Жибек Каракеева: “Кыргызстан менен Япониянын мелдеши бүткөндөн кийин эски аянтта күйөрмандар зонасы таза бойдон сакталды. Таштандыларды атайы челектерге ыргытышты. Биз көп деле тазалап убара болгон жокпуз. Тазалык үчүн рахмат!”, – деп жазып элди да таң калтырды.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Япония Кыргызстанды 2:0 менен утуп алды.

Булак: aryba.kg

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*