Кара-Сууда жер астынан өтүүчү өтмөк пайдаланууга берилди. Сүрөттөр

Сарай айыл өкмөтүнө караган базар айланасына курулуп жаткан жол астынан өтүүчү өтмөк пайдаланууга берилди. Ачылуу аземи кечээ 14-ноябрда өттү. Бул тууралуу маалымат аталган айыл өкмөттүн Facebook баракчасында жарыяланды.

Жер астына өтмөк куруу демилгесин аталган айыл өкмөттүн башчысы менен жергиликтүү кеңеш депуттаттары көтөрүшкөн. Максаты базар айланасындагы жол тыгынын алдын алуу болгон.

Курулуш 2018-жылдын март айында башталып, ошол эле жылдын август айына пайдаланууга бериле тургандыгы убадаланган. Бирок эки жылдан бери колдонууга берилбей келген.

Өтмөктүн жалпы узундугу 22, туурасы 16 метрди түзөт. Бул долбоорго жергиликтүү бюджеттен 28 млн сом каражат сарпталган.

  

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*