Психологиялык тесттин жардамы менен өзүңүздү тааныңыз

Төмөндөгү сүрөттөр сиздин мүнөзүңүз жөнүндө айтып берет. Көңүлүңүзгө жаккан сүрөттү тандап, жооптон өзүңүздү издеп көрүңүз. 

1. Интроверт, жумшак мүнөз, оңой таасирленген сезимтал кишисиз. Көпчүлүккө караганда, өзүңүздү жана чөйрөңүздү ойлонуп, сары-санаага көп батасыз. Менменсинген жүрүм-турум жана сөздөрдү жаман көрөсүз. Болбогон кепти сүйлөп убакыт өткөргөндөн көрө, жалгыз калганды артык көрөсүз. Бирок  досторуңуз менен болгон мамилеңиз бекем болгондуктан, бул сизге зарыл болгон гармонияны жана күчтү берип турат. Ошентсе да, өзүңүз жалгыз калгандан эч зерикпейсиз.

2.  Эркиндикти сүйгөн, үрп-адаттарга баш ийбеген кишисиз. Өзүңүздү ар тараптан өнүктүрүп-өстүрүүгө багыт алган эркин жана эч кимге көз карандысыз жашоонун камындасыз. Хоббилериңиз жана жумушуңузда сизди ийгиликке жеткирчү жөндөмдөргө ээсиз. Көз карандысыздыкка, эркиндикке болгон ышкыңыз кээде, жасашыңыз керек болгондордун тескерисин жасооңузга себеп болушу ыктымал.  Ой жүгүртүп, акылга салмайынча көргөн нерсеңизге эле ишене берчү жандардан эмессиз. Тескерисинче, өз ой-пикириңизден кайтпай, агымга каршы сүзгөндү жакшы көрөсүз.

3. Кыймылы тез, тетик, экстроверт кишисиз. Кызыктуу жана ар кандай жумуштарды жасап көрүү тобокелчилигинен коркпойсуз. Бир түрдүү жадатма жашоо сизди жок кылышы мүмкүн. Эң жакшы көргөн нерсеңиз – ар иште башкы каарман болуу. Чындап келсе, бардык нерсени баштаган да сиз болуп чыга келесиз.

4.Оор басырыктуу, салмактуу, тил табыша билген кишисиз. Жөнөкөй жана кадыресе жашоону, сүйүүнү жана жумушту максат кыласыз. Өтө оор басырыктуу болгонуңуз үчүн баары сизден колдоо көрөт, мындан улам сизди сыйлап турушат. Сиз да ал адамдарга ишеним бергенди билесиз. Сизди аябай кичи пейил жана адамгерчиликтүү деп билишет. Стереотиптерди жана  бардык нерседе аша чапкандыкты жактырбайсыз. Мода куубайсыз. Сиз үчүн кийим тыкан, бышык, ыңгайлуу болуусу абзел.

5. Кесипкөй, прагматик, өзүн жакшы билген кишисиз. Тагдырга баш ийип отуруп калбастан, жашоосун өз колуна алып, тагдырын өзү жасагандардансыз.Көйгөйлөрүңүздү чырмалыштырбай, жөнөкөй жолдор менен чечесиз. Күнүмдүк жашооңузда реалист болгонду жактырасыз.  Жумушуңузда баары сизди жоопкерчиликтүү киши катары таанышат. Сиздин өзүңүзгө болгон ишенимиңизден айланаңыздагы кишилер да дем-күч алат. Идеяларыңызды ишке ашырганга чейин жаныңыз жай албайт.

6. Тынчтыкты сүйгөн, сак, момун кишисиз. Сиз менен тил табышуу оңой. Жеке жашооңузга жана эркиндигиңизге аяр мамиле кылгандыгыңыз үчүн досторуңузду көп деле тажатпайсыз. Кээде жашоонун маңызын аңдап-билүү же болбосо, өз башыңызча көңүл ачуу үчүн бардык нерседен алыстап, жалгыз калууну самайсыз. Мына ошондуктан, жалгыздыктан ырахат алчу жакшы жерлер каякта экенин билесиз. Бирок дайыма эле жалгыз болууну эңсеген кишилерден да эмессиз. Болгону, жашоонун сизге тартуу кылган жакшылыктарынын баркын билген, жашоону сүйгөн кишисиз.

7.Байкабай иш кылган, оюнкараак, шайыр кишисиз. Жашоо бир келет, ойно-күл демек деген принцип менен жашаганды каалайсыз. Бардык нерсеге кулак түрүп, кызыгып турасыз. Жаңы нерселерди кабыл алганга даярсыз. Бардык өзгөрүүлөр сизди өстүрөт  деп ишенесиз. Сизди эң эзип кыйнаган нерсе — бир нерсеге байланып, көз каранды болуп калуу. Сюрприз кылууну жана сюрприз алууну аябай жакшы көрөсүз.

8.Романтик, кыялкеч, сезимтал кишисиз. Аябай сезимтал жансыз. Болуп өткөн нерселерге реалдуу фокустан карай албайсыз. Сиз үчүн сезимдериңиз маанилүү. Жашоодо кыялдарга сөзсүз орун берилиши керек деп эсептейсиз. Романтиканы сүйбөгөн, бардык нерсени акылга салып иш кылган кишилер менен келише албайсыз. Кыялдарыңызды, сезимдериңизди чектеп,бардык нерседен баш тартып койосуз.

9. Күчтүү аналитик, ишеничтүү, өзүнө ишенген кишисиз. Жашооңузду, башкалар маани бербеген кичинекей баалуулуктар менен кооздогонду жакшы көрөсүз. Мына ошондуктан маданияттын сиздин жашооңузда аябай чоң орду бар. Ошентсе да, сиз кооз, назик сезимдериңизди чөйрөнүн таасиринен коргоп турасыз. Сиз үчүн кооз жана адеп-ахлак нормаларынын чегинде жашоо сүрүү аябай маанилүү. Жана да өзүңүздөй кишилер менен чогуу убакыт өткөргөндү каалайсыз.

 

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*