Кышында жылуу ошол эле учурда стилдүү кийинүүнү билесизби?

Суук аба ырайы — узак жөө басуу же шаар айлануудан баш тартууга себепчи боло албайт. Өзгөчө сиздин гардеробуңузда жылуу спорттук бут кийим болсо. Кышында кантип стилдүү жана жылуу кийинсе болот? Oskelly.ru. стилисттери 7 образды сунушташты. 

1. Пальто гардеробдогу универсалдуу кийим. Тагыраагы аны кышкы бут кийимдер менен гана эмес, балким спорттук бут кийимдер менен да айкалыштырууга болот. Ак түстөгү жылууланган кроссовкилер менен классикалык,  ак түскө жакын же ошого окшош түстөгү палто жана жемпер менен кийиңиз. Шымга маани бериңиз, ал үстүңкү кийим же бут кийимди бириктирип туруучу болгондуктан ак түстө же палтоңуздун түсүнө окшош кийиңиз. Образды көлөмдүү сырга -шакек, кулон, ак сумка жана күндөн коргоочу көз айнектер менен толуктасаңыз болот.

2.

2. Булгаары куртка. Эгер аба ырайы айланууга мүмкүнчүлүк берсе бийик эмес кроссовки менен булгаары курткага сүрөттөгүдөй стилде кийинсеңиз болот.

3. Кебез куртка. Сууктан коргонууңуз керек бирок ошону менен эле стилдүү көрүнгүңүз келсе ак кроссовки менен ошондой түстөгү шым кийиңиз да кенен капюшону (оверсайз) бар кара кебез куртка менен кийсеңиз сууктан коргоочу анан өзгөчө көрүнгөн стиль даяр.

4. Шуба. Аяздуу аба ырайында өзгөчө жылуулануу керек, ошондуктан жылуу кроссовкиге жараша жогорку кийимди да тандооңуз керек. Мисалы ач кызыл түстөгү тизеден жогору шуба  сизге сонун образ болот.

5. Кемсел. Жылуу бут кийим менен куртка кийсеңиз ары жылуу ары ынгайлуу болот. Дал сүрөттөгүдөй образ абдан ыңгайлуу жана жагымдуу көрүнөт.

6. Дублёнка. Кенен кара дубленка ачык түстөгү четинен кыркылган көйнөк анан алтын түстөгү бут кийим. Аны толуктоо үчүн көлөмдүү токулган баш кийим жана да көйнөгүңүздөй түстөгү клатч менен образ ойдогудай болот.

7. Парка. Ал — суук күндөрдө күнүмдүк образ үчүн жарашыктуу, жылуу стиль. Көгүш түстөгү шым жана кызыл түстөгү кроссовки менен дагы бир стиль даяр.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*