Ошто студенттер жол тыгындарынын себебин аныктап чыгышты. Эми чечүү жолдорун сунушташат

Ош шаарынын көчөлөрүндөгү унаа тыгындарынын пайда болуусуна жол чырактын туура эмес цикли жана туш келди жерде токтоолор себеп. Мындай тыянакты Оштогу студенттер бейөкмөт уюмдар менен биргеликте жол кыймылы боюнча жүргүзгөн тест аркылуу чыгарышты.

Студенттер изилдөөнү 30 күн жүргүзүшкөн. Анда жол тыгыны шаарда 3 негизги себептен улам болуп жатканы аныкталган.

Алар:

Жол чырактардын туура эмес цикли. (Бир эле учурда унаага да жөө жүргүнчүгө да өтүү белгисин бергени)

Такси каттамдарынын туш келди жерге турганы.

Коомдук транспорт айдоочулары аялдамага эмес, туш келди жерден жүргүнчү түшүрүп чыгарганы.

Оштун көчөлөрүндөгу жол тыгындарынын себептерин аныктоого студенттер менен бирге Азия өнүктүрүү банкы да катышып, каржылаган.

Аталган банктын өкүлү Ки Жун Кимдин билдиришинче, студенттер менен биргеликте жүргүзүлгөн изилдөөдөгү сунуштарга эч кандай каржы коротпой туруп, шаардагы жол тыгынын чечсе болот.

“Эң башкысы жол тыгынын акы төлөгөн парковка аркылуу чечсе болот. Мэрия жол тыгыны боюнча саясатын өзгөртүп, ушул сунушту ишке ашырыш керек. Акы төлөнгөн парковкаларды көбөйтүп, жол четиндеги баш аламан токтогон унааларга айып пул салып, жол тыгынын чечүүгө болот. Бул үчүн мыйзам толугу менен иштеш керек себеби бул чыгаша алып келбеген сунуш”,- дейт Ки Жун Ким.

Мэриянын жолдор башкармалыгынын расмий маалыматына ылайык, Ош шаарында күнүнө 250 миңге чейин унаа жүрүп турат. Ал эми шаардын жолдорун тейлеген жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында 60 га жакын кызматкерлер бар.

Ал эми, Алишер Навои менен Абсамат Масалиев көчөлөрүндө эң көп унаа тыгыны катталып, сааттап созулат.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/837600699992455/

 

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*