Тошиев: Тажикстандын тайпадан суурулуп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар

Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошиев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Тажикстандын тайпадан суурулуп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

— Тайпадан экинчи орун менен чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Аягына чейин ойнош керек. Биз азырынча башка тайпаларда кандай болорун билбейбиз. Эки командада тең алтыдан упай бар. Тажикстандын да, Кыргызстандын да тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Албетте голдорун саны боюнча кыргызстандан арттабыз. Бирок мүмкүнчүлүк бар, ойнойбуз, — деди ал.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында кезектеги оюнун өткөрүү үчүн Тажикстандын курама командасы 17-ноябрда Бишкеке келген.

Бүгүн, 18-ноябрда эки команда оюн алдындагы расмий машыгууларын өткөрүшөт. Тажикстандын командасы өткөн аптада Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде утулган. Ушул эле күнү Кыргызстан Жапонияга 2:0 эсебинде жеңилген.

Футбол боюнча Кыргызстан менен Тажикстан курама командаларынын беттеши 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 20:00дө башталат.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*