«Жүк 200». Москвада дагы бир кыргызстандык каза болду

Орусиянын Москва шаарында 29 жаштагы кыргызстандыктын сөөгү табылды. Бул тууралуу «Москва» шаардык жаңылыктар агенттиги укук коргоо органдарындагы өздүк булакка шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, жарандын сөөгү 14-ноябрда Брест көчөсүндөгү контейнер тибиндеги үйлөрдүн биринен табылган.

«Сөөк чирип баштаган, көзүнөн жана оозуна кан агып калган. Анын 4 күн мурун каза болгону анык болду. Жанында спирт ичимдиктеринин бөтөлкөлөрү табылды», — деп жазат агенттик.

Соттук медициналык экспертиза көрсөткөндөй, каза болгон жарандын кабыргасы сынып, өпкөсү тешилип калган. Сөөк өлүкканага жиберилип, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Булак: 24, сүрөт: newtv.kg

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*