Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын футболдук беттеши өтөт

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын футболдук беттеши өтөт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо биздин саат боюнча 20:00дө башталат.

Футболдук беттешке карата кечки саат 17:00дөн баштап Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын улуттук курама командасы Япониялыктардан  утулуп калган. 

Оюндар  2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында, 2-баскычы сентябрдан баштап өтүүдө.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*