
Бүгүн 19-ноябрь — бүткүл дүйнөлүк ажаткана күнү. Ажаткана тарыхы тээ байыркы кылымдарга барып такалса да, күнүн белгилөө ырасымы жакында эле башталды. Биз бул күнгө карата, Ош шаарындагы мекеме, ишканалардын, оорукана, эс алуучу коомдук жайлардагы ажатканалардын абалы менен тааныштык.
ТАРЫХЫ
БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 2013-жылы 24-июлда кабыл алынган № A/RES/67/291 резолюциясында 19-ноябрь ажаткана күнү деп бекитилген. Биринчи жолу бул туурасында 2001-жылы санитария көйгөйлөрүнө байланыштуу Сингапурда өткөн эл аралык конференцияда жарыяланган. Демилгени конференциянын алкагында түзүлгөн Бүткүл дүйнөлүк даараткана уюму көтөрүп чыккан. Максаты – бул жаатта мыйзамдарды, дааратканалардын жаңы нормаларын жана стандарттарын иштеп чыгуу, даараткана уюмдарын түзүү, элдерге санитардык-гигиеналык нормаларга ылайык коомдук дааратканалардын зарылчылыгы туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
АЖАТКАНАДАН ЖУГУУЧУ ООРУЛАР
Коксаки вирусу – бул вирусту жуктуруп алуудан адамда гепатит, менингит жана миокардит оорулары пайда болушу мүмкүн.
Гельминттер – адамдын организмине кирип, ооруга чалдыктыра турган паразит курттар.
Стрептококк инфекциясы— шишитип ириңдетүүчү жана башка жугуштуу ооруларды козгоочу бактериянын түрү. Иммунитети төмөн кишилерде бронхит, ангина, пневмония, тилме (бет кызарып же дененин башка бир жери шишиген жугуштуу оору), скарлатина ж.б жугуштуу ооруларды козгойт.
Урологиялык жана гинекологиялык оорулар – жылытылбаган суук дааратканалар бул оорулардын келип чыгуусуна себеп болот.
Ич өткөктү (диарея) козгогон вирустар.
*Жыл сайын таза суунун, санитариянын жана жеке гигиенанын жоктугунан беш жашка чейинки 297 000 жаш бала жана 432 000 киши диареядан каза болот.
* Оорудан сырткары кооптуу абалдагы дааратканалар адам өлүмүнө себеп болгон фактылар бар.
ДҮЙНӨДӨ
Дүйнөдө таң калтырган дааратканалар көп: түнү гана шаардыктардын кызматына козу карындай жайнап чыгып, күндүзү жер астына түшүрүлгөн ажатканалар; алтындан жасалган; толугу менен автоматташтырылган; заараңыздын анализин чыгарып берген; видеоэкрандуу, панорамалуу, ажатканасы менен даарат алган жайы бар жана жөн гана санитардык-гигиеналык нормаларга жооп берген таза ажатканалар.
КЫРГЫЗСТАНДА
Бизге келген туристтерди жийиркенткен таштанды менен ажаткана көйгөй бойдон калууда. Каңырсыган сасык жыты көңүлдү айланткан, этек-жеңиңди булгап алчудай кир ажатканалар өлкөбүздө кадыресе көрүнүш. 20 сантиметр жыртып койгон даарат кагазын колубузга карматып, 5 же 10 сом төлөтүп киргизген ажатканаларыбыз да санитардык нормаларга эч же толук жооп бербейт: суюк самын, таза суу, күзгү, бир жолу колдонулуучу кагаз сүлгү, даарат кагаз жана тазалык жок.
Биз бүгүн бүткүл дүйнөлүк ажаткана күнүнө карата,санитардык-гигиеналык жана коопсуздук абалы боюнча биздеги коомдук ажатканалар кандай абалда экенин чагылдыруу менен “Таза коом — таза ажатканадан башталат” деген аталышында, “Жетекчинин жүзү – ажаткана!” деген акцияны баштадык. Эгер Сиз дагы өзүңүз окуган, иштеген, эс алган, жашаган жердин ажатканасы үлгү же тескерисинче оңдоп-түзөөгө муктаж, абалы начар деп эсептесеңиз #ажатканажетекчининжүзү #ajatkanajetekchininjuzu деген хештег менен жетекчинин аты жөнүн жана ажаткананын сүрөтүн жарыялаңыз же биз менен байланышыңыз.
Келиңиз, ажаткана төңкөрүшүн чогуу жасайлы!
Эскертүү: өзгөрүүлөрдү жарыялап турабыз.
Даярдаган: Акбермет Шайзак
Оставьте первый комментарий