Оштогу Исхак Раззаков мектебинин курулуш беш жылдан бери бүтпөй жатат

Ош шаарындагы №20 Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясынын имараты 5 жылдан бери бүтпөй жатат. Курулуш 2013-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Учурда чатыры жабылган бойдон токтоп турат.

Жаңы мектеп 3 блоктон туруп, курулуш иштеринин ички шыбактары 50%га, ал эми айнек терезелери 80% бүткөн. Буга жалпы 117 млн сом каражат сарпталган. Ал эми калган жумуштарын толук бүтүрүүгө республикалык бюджеттен дагы 126 млн 452,7 акча бөлүнүшү керек.

«Республикалык бюджеттен акча бөлүнбөй жатат. Ошондуктан курулуш бүтпөй турат. Акча бөлүнсө эле бүткөрүлөт», — дейт Ош облустук “Капитал-Курулуш” башкармалыгынын башчысынын орун басары Дамир Калыкбердиев

План боюнча мектеп имаратынун курулушу кийинки жылы сентябрь айында пайланууга берилиши керек. Бирок 2017-жылдан бери курулушка акча каралбай, башталган иш токтоп турат. 

 

Мектеп 2012-жылы жер титирөөдөн кийин авариялык абалга келген. Бир жылдан кийин жанына жаңы корпустун курула башталган. Ал эми мектеп окуучуларын убактылуу Панфилов орто мектебинин имаратына көчүрүшкөн.

Окуучулар убактылуу жайгаштырылган Панфилов мектеби 950 орунга ылайыкташташкан. Бирок учурда эки мектептин окуучулары биригип, 2500 окуучу билим алып жатат. 

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*