ЕАЭБ унаа бажы төлөмдөрүнө жеңилдик мөөнөтүн узартуудан баш тартты

ЕАЭБ өлкөлөрү кыргыз жарандар аркылуу жеке пайдаланууга ташылып келген унаа каражаттарына бажы төлөмдөрүнө берилген жеңилдиктин мөөнөтүн узартуу сунушун колдогон жок. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, вице-премьер-министри Жеңиш Разаков ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлеринин жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Москва шаарында өткөн (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Анда кыргыз өкмөтү бажы алымдарынын коюмунун мөөнөтүн узартууну суранган. Бирок, колдоо тапкан эмес.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*