
Австриянын Браунау-на-Инне шаарында жайгашкан үч кабаттуу имарат XVII кылымда курулган.
Бул жерде Гитлер үй-бүлөсү менен 3 жашына чейин жашаган.
Дүйнөлүк согуштан кийин бул жер китепкана,андан соң мектеп болгон. 1972-2011 жылга чейин өнөр жайы, майыптар үчүн борбор болгон. Кийинчерээк үйдүн ээси ижарага берүүнү токтоткон. Бийлик 68 жаштагы аялга 810 миң евро төлөп берген. Бирок ал сотко кайрылып, тарыхый объект үчүн жарым миллион евро талап кылган. Башында сот анын тарабын алып, кийинчерээк үй ээсинин талабын аткарыла албай турганын билдирген. Австрияда имараттын тагдыры боюнча көп ирет талаш-тартыш болгон. Кээ бири аны бузулушун талап кылышса, айрымдары имаратты кайрымдуулук же ынтымак үйүнө айлантууну сунушташкан.
Бүгүнкү күндө улутчул лидердин балалык чагы өткөн үйдүн тагдыры толук чечилди. Австрия бийлигинин чечими боюнча Гитлердин үйү полиция участогуна айланат. Ички иштер министри Вольфганг Пешорн “Имарат түп тамырынан өзгөртүлөт. Бул Гитлердин менчиги улутчулдукту эч бир даңктабай тургандыгын көрсөткөн кынтыксыз көрүнүш “ — деп айтты.
Оставьте первый комментарий