Мектептерде көп тилдүүлүктү өнүктүрүүгө кадр жетишпестиги маселе жаратууда

Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Тынчтык Досмуратов TMG телеканалынын «Адил сөз» программасында курган маегинде билдирди. 

Анын айтымында, “Билим берүү жана илим министрлиги 2014-жылдан 2020-жылга карата улуттук программа кабыл алган. Бул программанын негизги багыты көп тилдүүлүктү жайылтуу.

«Региондордогу мектептерде көп тилдүүлүктү өнүктүрүүгө атайын каражат бөлүнүшү керек. Андан сырткары кадр маселеси бар. Чындыгында, орус тилин жакшы билген кадрларды табуу да оңойго турбайт. Ошол эле учурда мугалимди алыскы региондорго тартууга да көп суммадагы каражат керектелет», — деди Досмуратов.

Учурда өлкө боюнча көп тилдүүлүк программасы 80ден ашуун мектептерде ишке ашып жатат. Ошондой эле бала бакчалар менен ЖОЖдор да аталган программа менен камтылган.

 

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*