Мигранттардын балдары жакындарына тил катсыз калтырылууда. Видео

Кыргызстанда өкмөттүн камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө жобосу толук аткарылбай жатат. Ал документтин негизинде ата-эне миграцияга кетип жатканда балдарын ишеним кат менен жакындарына калтырып кетиши керек. Бирок толук ишке ашпай жатат. Мындан улам, бул боюнча айыл акмактарда түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Ата-энеси сыртта жүргөн балдардын укуктары, тарбиясы жана жүрүм турумун көзөмөлгө алуу тууралуу иш — бул жолу Кара-Суу районунда өттү. Анткени мигранттардын агымы түштүк аймактарда салыштырмалуу көп.

Жыйынга ондонгон айылдын башчылары катышып, миграцияга байланыштуу мыйзамдар тууралуу түшүнүктөр берилди.

Мигранттардын балдарын көбүнчө, чоң-атасы, энеси карап жатканы менен ата-эненин көзөмөлү жетишсиз экенин айыл башчылар айтышат.

Бирок балдардын аларда калтырууда, өкмөттүн камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө токтому толук кандуу аткарылбай жатат. Мыйзам боюнча ата-эне балдарын юридикалык нотариус аркылуу чоң-ата, энесине калтырып кетсе, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө дагы тоскоолдуктар болбойт.

Өкмөт  камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө токтомду 2013-жылы чыгарган. Бул документ мигрант ата-энелердин Кыргызстанда калган балдарын мыйзамдуу камкордукка алууну көздөйт. Ал аркылуу сот, милиция жана мүлктөргө байланыштуу иштерди юридикалык жол менен чечсе болот.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/2685231568208252/

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*