Өзгөндө мал уурулукка шектелген топ кармалды

Өзгөн районунда мал уурулук менен алектенгенгенге шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-октябрында милицияга Өзгөн районунун тургуну тарабынан жайыттагы малы уурдалганы боюнча  арыз келген. Мындан сырткары, ушул сыяктуу арыз менен малын уурдаткан дагы жети жаран кайрылган.

Жүргүзүлгөн иш аракеттердин негизинде кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1994-жылы туулган тургуну А. уулу А. 1997-жылы туулган З. уулу Ж кармалган. Учурда 2 шектүүнүн баш коргоо чарасы үй камагы болуп тандалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Шектүүлөр жалпысынан 10 баш торпок уурдап, 200 миң сомдук зыян келтиргени аныкталган.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*