Жалал-Абадда 11 жаштагы кыз салаттан ууланып каза болду

Базар-Коргон районунда үйдө жасалган салатка ууланып, оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 11 жаштагы кыз каза болду. Бул маалыматты райондук аймактык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Данакан Артыкбаева билдирди

Анын айтымында, 10 адам үй шартында консерваланган салатка ууланып, 20-октябрда ооруканага түшкөн. Алардын ичинен 45 жаштагы эне менен 11 жаштагы кыз оор абалда келген үчүн жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«Апасы 3 күндөн кийин өзүн жакшы сезип, жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Ал эми кыз жандандыруу бөлүмүндө аппараттын жардамы менен дем алып жаткан. Эсине келбей 31-октябрь күнү каза болуп калды. Биз колубуздан келген аракеттерди кылдык», — деди Артыкбаева.

Буга чейин Базар-Коргондо 10 адам үйдө жасалган салатка ууланып, ооруканага түшкөнү маалымдалган. Ууланган 8 адам райондук ооруканага, ал эми 2 адам Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган. Дарыгерлер 11 жаштагы кыздын абалы оор экендигин билдиришкен болчу.

Алардын айтымында тургундар эки күн айылдашынын пахтасын терүүгө чыгышкан. 18-октябрда талаадан тамактанып,үйдө жасалган салат жешкен. Алар 20-октябрдан тарта ооруканага кайрыла баштаган. 

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*