Гезиттердин эң алгачкы чыгарылыштары жана 100 жылдык китептер. Оштогу китепкана музейинен сүрөттөр

Ош облусттук Токтогул Сатылганов атындагы китепканадагы чакан музейде уникалдуу экспонаттар сакталып келет. Бул жерде гезиттердин эң алгачкы чыгарылыштарынан баштап, типографиялык машинага чейин көрүүгө болот. Тарыхты чагылдырган буюмдар менен таанышыңыз. 

Бул Ош облусттук китепкананын эң биринчи сүрөтү. Буга окшогон сүрөттөр жана уникалдуу китептер Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы облустук китепканадагы музейде сакталып турат.

80 жылдык тарыхы бар китепкананын музейде 1900 — жылы басылган китептер да бар. Алар  «Описание Кореи» — 1900-жыл, «Толковый словарь живого великорусского языка Владимира Даля» — 1903-жыл, «Большая энциклопедия»  билимдин ар бир тармагы боюнча сөздүк жана башка көп жылдык китептерди табууга болот.

Мындан сырткары «Ленин жолу» же азыркы  «Ош жаңырыгы» гезитинин 1977-жылкы июльдан сентябрга чейинки чыгарылыштарын да окууга болот.  

Ошондой эле музейде типографиялык машина да сакталуу. Китепканачылардын айтуусунда  бул машинаны колдонуу үчүн учурунда атайын 3 айлык окутууга барышкан. Эң кызыгы көп жыл өтсө да ал азыр деле бузулган эмес.

Бул китепканада көптөгөн кызматкерлер эмгектенген. Алардын ар биринин сүрөттөрү менен китепканага кошкон салымдары да музейден орун алган. 

Китепкана жамаатынынын ишембилик, пахта терим убагындагы сүрөттөрү.

Автор Даяна Данияр кызы 47 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*