Ошто электрондук күндөлүк системасы ишке кирди. Видео

Ош шаарындагы №3 Ломоносов мектеп-гимназиясында электрондук күндөлүк системасы ишке кирди. Бул аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештрирүү жылынын алкагында “Коопсуз мектеп” долбоорунун негизинде ишке ашты.

Электрондук күндөлүк кызматынын жардамы менен ар бир ата-эне, мугалим, окуучу тууралуу толук маалыматты электрондук тиркеме аркылуу ала алышат. Балдарынын сабактардан канча баа алганын ата -энелер көрүп турууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мындан сырткары, ата -эне кайсыл убакытта баласы мектепке кирип чыкканын, өздөрү кайсыл жерде жүрбөсүн көзөмөлдөп турса болот.

«Электрондук тиркеме мугалимдер менен ата-энелердин пикир алышуусун алда канча жакшыртты, мындай жаңылыкты азырынча Ошто бир гана Ломоносов атындагы мектептин окуучулары колдонууда. Мындай электрондук күндөлүк дүйнөдө кең тарап, бирок Ошко эми жетип келип азырынча эксперимент катары Ломоносов мектеби тандалып алынды«,- дейт М. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын окуу бөлүмүнүн башчысы Калича Сасиева.

Алдыда электрондук күндөлүк системасын Ош шаарындагы башка мектептерге да киргизүү пландаштырылууда. Калаада жалпы 56 мектеп бар.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/519200068810883/

Автор Т-медиа 11442 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*