Ошто 46 жаштагы тургундун өлүмүнө шектелип жубайы кармалды

Ошто 46 жаштагы тургундун өлүмүнө шектелип жубайы кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Окуя, 19-ноябрда, болжол менен саат 23.30 чамаларында болгон. Алгачкы тергөө боюнча маркум Ош шаарындагы көп кабаттүү үйлөрдүн бириндеги батирине кирип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы П.Г. арматура менен башына үч ирет чапкан.

Натыйжада, Ү. Ысаков Ош шаардык ооруканасында өзүнө келбей каза болгон. Оор абалда жаткан күйөөсүнүн алдына аялы коңшусун чакырган. Аял өз кылмышын жашырып, коңшусуна «сырттан жарат алып келип жатып калды» деп айткан.

«Учурда ал Алай районунда, каза болгон күйөөсүн жоктоп боз үйдө ыйлап отурган жеринен кармалды. Келин алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө өз күйөөсүн башына арматура менен чапкандыгын моюнуна алды. Буга чейин, алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй  1973-жылы туулган маркум өз аялы менен өз ара келишпестиктен улам жакшы эмес мамиледе болгон»,- деп айтылат милициянын маалыматында.

Каза болгон Үмүтбек Ысаков Ош шаарынында маршруттук такси айдап иштеген. 4 баланын атасы. Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан жазык кодексинин 138-беренесинин 3-пунктунун белгилерине ылайык сотко чейинки иликтөө иштерин баштаган. Далил буюму катары узундугу 97 см, диаметри 12 мм. болгон арматура алынган. Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*