Искендер Матраимов депутаттык комиссиядан чыкканын жарыялады

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамынан чыкканын жарыялады. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. 

Ал социалдык тармактагы баракчасына Саймаитинин өлүмүнө Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн атын аралаштырып, атайын каралоо максатында маалыматтар таратылганын жазган.

«Ырас, биздин үй-бүлө тууралуу сөз болуп жаткандан кийин түзүлгөн комиссияга мүчө болуп кирүүдөн баш тартууну туура көрдүм. Коомчулук бүдөмүк суроолорго ачык-айкын жана бейтарап жооп алышы үчүн комиссия курамы да окуяда ысымдары аталбаган адамдардан түзүлүшү керек деп эсептейм», — деп жазылат билдирүүдө.

Бүгүн депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү Искендер Матраимов комиссиядан чыгышы керек экенин, антпесе коомчулук анын ишине күмөн санай турганын айтып чыгышкан.

Жогорку Кеңеш 21-ноябрда уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзгөн.

Комиссия Саймаитинин өлтүрүлүшүн, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтөөнү ниеттенишкен.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*