Президенттин маалымат кызматы иликтөө боюнча үн катты

«Азаттык» жана Kloop медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсү боюнча президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы катчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таратты.

Кечээ 21-ноябрда жарыяланган иликтөө учурда коомчулукта чоң резонанс жаратууда. Анда ишкер Айэркен Саймаитинин ишмердүүлүгү, анын Матраимовдор менен байланышы жана ири суммадагы акчанын Кыргызстандан чыгарылышы изилденип, президент Сооронбай Жээнбековдун аты аталган.

Маалыматка караганда, Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп иштеп турганда, 2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында «Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» деп аталган инвестициялык форум өткөн. Ага 300дөн ашык адам катышып, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн тышкары Орусия, Кытай, Иран, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Кореядан расмий өкүлдөр жана ири ишкерлер келген.

«Жогоруда аталган 2012-жылы өткөн инвестициялык форумга Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Хабибулла Абдукадырдын иниси келген, Жээнбеков аны менен ошондо таанышкан«, — деп айтылат маалыматта.

Форумдан кийин Сооронбай Жээнбеков аталган эки адам менен чогуу ошол кездеги өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болушкан.

«Кийин, 2017-жылы иниси аркылуу Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон. Андан кийин алардын Алмазбек Атамбаев менен мамилеси кандай өнүккөнү Жээнбековго белгилүү эмес», — деген Стамалиева.

Ал ошондой эле журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленгенин, тактап айтканда, бул Атамбаевдин президент болуп турган маалы экенин айтат.

Ал эми  Х.Абдукадырдын С. Жээнбековдун инаугурациясындагы сүрөтү боюнча, Стамалиева андагы уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселелерин толугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин, тактап айтканда Алмазбек Атамбаевдин Аппараты тескегенин деп айтылган билдирүүдө.

Маалымат катчынын айтымында, 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жээнбеков укук коргоо органдарынын ишин ачык сынга алган. Жалпысынан системаны жана иликтөөдө келтирилген схемаларды жаңы мамлекет башчысы кабыл алган эмес.

«Анын жыйынтыктары белгилүү. Бүгүнкү күндө Атамбаев ага коюлган 5 айып боюнча тергөөдө. Ар кандай күчтөр Сооронбай Жээнбековду бул журналисттик иликтөөдө айтылган чөйрө менен байланыштырууга аракет кылат деген пикирдебиз. Президент Сооронбай Жээнбековдун Хабибула Абдукадыр менен чогуу бизнес-долбоорлору болгон эмес жана жок экендигин расмий билдиребиз«, — деп жазылган.

Стамалиеванын айтымында, президент журналисттик иликтөөлөр коомчулукка, укук коргоо органдарына өлкөнү өнүктүрүүгө тоскоол болгон башкы көйгөй — коррупция менен күрөшүүгө жардам берерин ар дайым белгилейт. Ошондуктан материалда келтирилген жагдайларга көңүл бурулат.
Мындан сырткары, буга чейин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Түркиянын Башкы прокуратурасына Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишти иликтөөдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылганы айтылды. Ошондой эле Саймаитинин ысымы Кыргызстан менен байланышып жаткандыктан, анын Кыргызстандын жараны эмес экендигине карабастан, кыргыз тарап анын өлтүрүлүшүн иликтөө иштерине катышары белгилейт.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*