Өзбекстан Кыргызстанга караганда көп экспорт жасап жатат. Видео

Өзбекстан Кыргызстанга болгон экспорттун көлөмү боюнча үстөмдүк кылууда. Көбүнесе коңшу өлкөдөн мөмө-жемиш, кездеме, ич кийимдер жана тиричилик буюмдарын алынып келет. Экономисттердин пикиринде, Кыргызстандан дагы соода экспортунун көлөмү көбөйгөнү менен коңшулардын жылдан жылга товар жүгүртүүсү өсүп жатат.

Бажы өткөрүү бекетинен дүн товарлар түз эле Кара-Суу базарына барат. Соодагерлердин айтымында, Өзбекстандын товарлары көбүнесе арзан болгондуктан, акырындык менен арзан сатылган кытай өндүрүмү менен конкуренция боло баштаган.

Ошол эле учурда Өзбекстандан соода кылуучулар дагы көп келе баштаганын байкоого болот. Муну Кара-Суу базарында кадимки өзбек суму иштеп жатканы менен түшүнсө болот. Ал эми Кыргызстандын жарандары болсо Өзбекстанга соода кылууга эмес, көбүнесе туристтик максат менен барышат. Өзбек кардарлары Кара-Сууда товарлардын баалары арзан, өздөрүндө кымбат экенин айтышат.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, соңку бир жыл ичинде Ош облусунан Өзбекстанга товар экспорттоонун көлөмү өскөн. Башкача айтканда 37 миллион 900 миң долларлык товар коңшу өлкөгө кирген. Анын ичинен эң көп цемент, көмүр, травертин таштары сатылган. Ал эми өткөн жылы бул товардын көлөмү 17 млндоллардан ашкан эмес.

2019-жылдын 9 ай ичинде Өзбекстан Кыргызстанга 44, 9 млн доллар товар киргизген.

Кыргыз-өзбек чек арасы 2016-жылы ноябрь айында расмий турдө ачылган. Андан бери соода мамилелер акырындык менен жанданып келе жатат. Буга чейин коомчулукта Өзбекстандын өнөр жай ишканалары Кыргызстанга ачылып, ал жергиликтүү ишкерлерге терс таасирин тийгизе баштаган деп айтылган.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/966559003697484/

 

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*