
Смартфонду тазалоо шкафты иреттегендей эле нерсе. Аны колдонуу ыңгайлуу болуусу үчүн андагы баардык керексиздерди өчүрүп туруу керек. Анан да бардык файлдарды, сүрөт, видеолорду галереяда болбой, бирок сакталып турсун десеңиз ал үчүн атайын программалар бар. Алдыда 5 клик менен кантип телефонду иретке келтирсе боло турганын сунуштайбыз. Таанышыңыз.
Алгач керексиз ыкталмалардан арылыңыз.
Биринчи керексиз ыкталмаларды өчүрүү керек. Балким ал телефондун эсин ээлеп гана турбай, убакытты да уурдап жаткандыр.
Программаларды оптималдаштырабыз
Эми окшош кызмат аткарган программаларды карайбыз. Сизде арзандатуучу карталардын программалары, такси кызматынын же жеткирип берүү кызматынын программалары барбы? Сиз аларды колдонбосоңуз деле керек. Мисалы: “Яндекс карта”, “Google Maps”, “2ГИС” же “Maps.me” сыяктуу программалардын баарын колдонбой эле койсоңуз болот.
Жыйноону алдын ала пландайбыз.
Ар ай сайын иреттей бербөө үчүн атайын автотазалагыч прграммаларын көчүрүп алыңыз. Бул үчүн IOS тон, “ITunes жана App Store” тумблер керек. Мунун жардамы менен телефондон бүт ыкталмалар өчүп кетпейт. Ал эми “Androidден” өзүңүз кол менен өчүрөсүз. Ал үчүн телефонуңуздан “Диспетчер задачты” табыңыз, анда экранга чыкпай бирок жалпы сакталып турган бардык файлдар бар.
Файлдардагы кэш жана чыгындыларды тазалайбыз.
Кэш — ыкталмалардын файлдары иштөөсү үчүн өзү жүктөлгөндөр. Ал жакта сыр сөздөр, мессенжерден сүрөттөр жана башка файлдар болот. Буларды кээде тазалап туруу керек. Тизмени ачканда эң жогоруда көптөн бери колдонулбай калгандар чыгат, андан каалаганыңызды тандап эсти тазалаңыз. Кэштен сырткары телефондун документинде, сүрөттөрдө жана жазуу китепчеде баш аламандык болот. Буга атайы ыкталмалар жардам берет: Clean Master же CCleaner Android үчүн болсо ал эми Smart Cleaner — iOS үчүн. Булар окшош кадрларды өзү автоматтык түрдө өчүрүп турат.
Телефондун экранын иретке келтирүү.
Телефондо эң керектүү ыкталмалар калып бирок ал аралаш болсо, сизге керектүүнү дароо табуу ойлонтот. Экранды иретке келтирүүнүн да бир нече ыкмалары бар. Биз сиздерге эң маанилүүсүн айтабыз.
Тематикалык зонаны түзүңүз
Ыкталмаларды маанисине карап топтойсуз, бирок аларды зона менен бириктирүү. Иконкаларды планыңызга карап тизиңиз. 1-катар — будильник, спорт үчүн ыкталма, медитациянын рецепттери. 2- каршеринг, музыка жана парковка. 3-почта, тайм — менеджмент жана тапшырмалардын доскасы. 4-соц. тармактар, мессенжерлер.
Түскө карап бөлүңүз
Бул метод жогорудагыга бир аз окшош. Мында функцияларына карап эмес, түсүнө карап бөлөсүз. Көк, жашыл, сары түстөгү иконкалар табууга оңой жана кооз көрүнөт. Телеграм же твиттер керек болдубу? Анда дароо көк зонаны басыңыз, оп даяр. Андан сырткары алфавитке карап, көп колдонулуучу ыкталмалар кылып структурага салып койсоңуз болот.
Лупа тууралуу унутпаңыз
Бул сүйүктүү ыкталмаңызды табуу үчүн эң жакшы жол. Оң жакты басып, лупага кирип керектүү ыкталманы жазсаңыз, чаң басып жаткан, бешинчи экранда жашырынып жаткан болсо да заматта табылат.
Оставьте первый комментарий