Борбордук шайлоо комиссиясы жаштарды кызматташууга чакырат. Видео

Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу атайын өкүлү Расул Кадыров TMG телеканалынын “Ачык талкуу” ток шоусунда билдирди. 

Анын айтымында, жаштар БШКга мүчө болуп катталып, шайлоо процессинин жүрүшүнө байкоочу катары көз сала алат. 

“Жаштар менен жолукканда алардын шайлоо боюнча маалыматы аз экен, көңүл кош мамиле кылгандары да көп. Жаштар борбордук шайлоо комиссиясына мүчө болуп, аралашып көрүшү керек. Анткени аларда толук кандуу түшүнүк жок. Биз тараптан же партиялар тараптан маалыматтар берилиши керек. Студенттер БШКга мүчө болуп катталып, шайлоо процессинин жүрүшүнө катышып, жардам берүү менен биргеликте эле өзү да көп маалымат алып алса болот”— деди Борбордук Шайлоо Комиссиясынын Оштогу атайын өкүлү Расул Кадыров. 

Ал эми ушуга улай эле «Демократиянын чордону — шайлоо. Шайлоо менен саясатты аралыштырбоо керек. Шайлоо — ар бир жарандын жарандык позициясы жана ага ар бир жаран өз добушун берүүсү керек.» Жаштарга «Сен депутаттыкка өз кандитатураңды коймоксуңбу?»- деген суроого «Жок даяр эмесмин» деп айтышы- туура эмес. Жаштар коркпой, билген көйгөйлөрүн алып чыгып, өз мандаттыгын коюшу керек» — деди Ош шаардык кеңешинин депутаты Гульсана Эгембердиева.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/2131806560448022/

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо