Гепатит оорусу жайылууда. Видео

Кыргызстанда гепатит оорусуна өкмөт көңүл кош мамиле кылат. Вакцина алуу татаал жана дары дармектер кымбат. Бул тууралуу аталган илдет менен жабыркагандар Т-Медиага айтып чыгышты.

Жакында эле Жогорку Кеңештин комитетинде 20 жыл башта ооруну жуктуруп алган Нурказы Батырбеков статистиканы айтып, эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин чара колдонулбай келет деп чыркыраган.

«Учурда Гепатит «С» — 101  миң, гепатит «B» — 300 миң, гепатит «А» жүз миңдин тегерегинде оорулуу бар. Бул аябай чоң цифра. Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы эле Орто Азия үчүн чоң цифра.» Эмгекке жарамдуу деген калктын саны 2000 болсо, анын 500ү бул оору менен ооругандар. Дагы каягына биз унчукпай отурабыз?! — деди Нурказы Батырбеков.

Дарыгерлер оорунун алдын алып калкка убагында вакцинация бербегендиктен улам жыл өткөн сайын аны жуктуруп алгандар көбөйүүдө. Гепатит вирусун дарыгерлердин шалаакылыгынан улам жукканын алардын жакындары биздин редакцияга ырасташты.

Биз бул ооруну жуктуруп боорубузду алмаштырдык, миллиондогон акчалар кетти. Айына 6000 сомдук дары ичүүгө аргасызбыз. Көпчүлүк тиш дарыгерлер, аялдар гинекология бөлүмүнөн жугузушат. Мындай коркунуч болгон соң гинекология, тиш дарыгери ар бир адамдын гепатит вирусу бар же жок экенин тастыктаган аныктама аркылуу кабыл алышы керек деген сунушун айтышат. Себеби вирустун изи өтө күчтүү. Инструменттер колдонулуп кайрадан тазаланбай башка адамга колдонгондо, биринчиден экинчиге, экинчиден үчүнчү кишиге жугуп кете берет” — деди оорулуунун жакыны Күмүшай Мизамова.

Бул маалыматты Ош шаарынын дарыгерлери да четке какпайт. “Вирус жеке менчик ооруканалардан жугушу мүмкүн, ал эми мамлекеттик ооруканаларда санитардык нормалар толук сакталат, же балким 20 жыл мурун жуктуруп алган болушу да мүмкүн” -деп билдирди Ош шаарынын гепотология бөлүмүнүн башкы дарыгери Алтын Мурзакулова. 

ГЕПАТИТ ООРУСУ ЖАЙЫЛУУДАБЫ?

ГЕПАТИТ ООРУСУ ЖАЙЫЛУУДАБЫ?

Опубликовано T-Media Пятница, 22 ноября 2019 г.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*