Бахадыр Кочкаров: ФИФАдагы карьерамды токтотуу оңой болгон жок

26-ноябрь Куала-Лумпурда(Малайзия) AFC Referees Memento Awards 2020 сыйлык тапшыруу аземи болду. Анда эмгек сиңирген судьяларга сыйлык берүү аземи болуп өттү. Анда Кыргызстандан ФИФАда 23 жыл калыстык кылган Бахадыр Кочкарав эмгек жолун жыйынтыктады.

Мындай чечимге келүү оңой болгон жок, бирок мен ушундай чечимге келдим. Татыктуу келип, кайра татыктуу кетиш керек. Жашоо уланат. Алдыда башка сунуштар бар, аларды ойлонуп көрөм.” – деди Бахадыр Кочкаров.

Ал эмгек жолун 1997-жылы баштаган. Ошол жылы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында 26-майда Өзбекстан жана Камбоджи курамаларынын беттешине калыстык кылган. Кочкаров өзүнүн акыркы матчын эл аралык аренада ушул жылдын 10 –ноябрында калыстык кылган.

Кыргызстандык рефери  дүйнө чемпионатынан 9 финалдык беттешинде башкы калыстын жардамчысы болгон.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*