Ош мэриясы быйыл биринчи жолу селсаяктар үчүн каржы бөлдү

Ош шаарында селсаяктар жата турган атайын баш калка жок. Быйыл да үй-жайы жоктор бейөкмөт уюм бөлүп берген имаратта баш калкалашат. 

Ош мэриясы быйыл сентябрда селсаяктарды башпанек менен камсыздоо боюнча мамлекеттик социалдык буйрутманын негизинде бейөкмөт уюмдарына сынак жүргүзгөн. Анда “Мусаада” коомдук фонду тандалып алынган.

Башпаанеги жок селсаяктар менен “Мусаада” коомдук фонду 20 жылдан бери иш алып барып келет. Буга чейин аталган фонд эл аралык уюмдардан гранттын негизинде каржы алса, быйыл биринчи жолу шаар бюджетинен үй-жайы жоктор үчүн 100 миң сом ажыратылган.

«Биздин фонд имаратыбыздан селсаяктарга алты бөлмө ажыратканбыз. Аларга керебеттер, кир жуугуч машине, мончо орнотулган. Мындан сырткары инсандык сапаттарды өнүктүрүү жаатында семинарлар өткөрүлүп турат»,-деди  “Мусаада” коомдук фондунун жетекчиси Иса Нурмаматов.

Учурда Ош шаарында 70ге жакын селсаяк катталган. Алардын 85%ы эркектер, калганын аялдар түзөт.

«Селсаяктарды убактылуу кармоочу жай жок болгондугуна байланыштуу кыш-мезгилдинде белгилүү өлчөмдөгү акча каражаты бөлүндү. Эми коммерциялык эмес уюмдардын жардамы менен 3 ай кызмат көрсөтүлөт”- деди  Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Максат Орозалиев.

Эскерте кетсек, бул долбоор беш жылдан бери ишке ашып келет.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*