Ош: муз жолдорго бир күндө 1 жарым тонна туз чачылды

Бул тууралуу Т-Медиага «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчисинин орун басары Жылдыз Көчөнов билдирди. 

Айтымында, музду эритүүчү каражаттар кардын көлөмүнө жараша чачылат. Биринчи карды эритүүгө тазалык ишканасы 1.5 тонна туз жана 500 килограмм кум сарптаган.

«Алдыдагы кыш мезгилине биздин ишкана толугу менен даяр. Былтыр 125 тонна туз, 30 тонна кум алганбыз. Былтыр кыш жеңил болгондуктан 86 тонна туз, 15 тонна кум ашып калган. Алар декабрь, январга жетет. Болбосо февралда дагы алабыз» ,-деди Жылдыз Көчөнов.

Ош шаарында жолдордогу карды тазалап эритүүгө эки ишкана жооптуу. Ош шаардык жолдор башкармалыгы Ак-Буура дарыясынын сол тарабын караса, «Ош-Тазалык» оң тарабындагы Разаков, Исанов көчөлөрүнөн башка жолдорду тейлейт.

 

 

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*