УКМК «Саймаитиге» кол салуу боюнча иликтөө баштады

УКМК «Азаттыктын» өнөктөштөр менен биргеликте даярдаган иликтөөдө айтылган кытайлык ишкер Айеркен Саймаити Кыргызстанда жүргөндөгү коркутуу боюнча текшерүү башталды. 

Атайын кызматтан алынган маалыматка ылайык, буга чейин Башкы прокуратура тарабынан «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алган.

Бул ишти иликтөө УКМКга жүктөлгөн. Анын негизинде УКМКнын, ИИМдин жана Финансы полициясы тергөөчүлөрүнөн турган тергөө тобу түзүлдү. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Кытай жараны Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалды.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*